Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:33

ЦРУнун башчысы Киевге жашыруун барып, Зеленский менен сүйлөшкөн


АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бёрнс
АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын жетекчиси Уильям Бёрнс

АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгынын (Центральное разведывательное управление - ЦРУ) жетекчиси Уильям Бёрнс өткөн апта соңунда Киевге жашыруун барып, Украинанын президенти Владимир Зеленский жана украин чалгын кызматынын жетекчилиги менен жолукканын маалымат агенттиктери жазды.

Зеленскийдин кеңсеси да, украин өкмөтү да ЦРУнун башчысынын сапары тууралуу комментарий берген жок.

“Вашингтон Пост” жана “Нью-Йорк Таймс” гезиттери Киевде Бёрнс орус армиясынын алдыңкы айлардагы планы тууралуу америкалык чалгынчылардын маалыматы менен бөлүшкөнүн жазышты. Ушул тапта Украинанын чыгышындагы бир катар шаарларда, анын ичинде Бахмут, Соледар үчүн катуу кармаш жүрүүдө.

“Вашингтон Пост” жазгандай, Бёрнс сөз арасында Украинага миллиардаган доллар курал-жарак жана техника жагынан жардам берүүнү улантууну туура көрбөгөн конгрессмендер көбөйүп баратканына да токтолгон.

АКШ Конгресси өткөн айда Украинага 45 миллиард доллардык жардам пакетин бекиткен. 19-январда Пентагон Киевге 2.5 миллиард доллар аскердик көмөк барарын жарыялады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG