Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:21

Рамштайн: НАТО өлкөлөрү Украинага берилчү аскердик жардамды талкуулайт


АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.
АКШнын коргоо министри Ллойд Остин.

20-январда НАТОго кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери Германиядагы америкалыктардын Рамштайн авиабазасында жолугууда. Жыйында Украинага курал-жабдык жеткирүүнү координациялоо талкууланат.

19-январда Пентагон украиндерге 2,5 миллиард доллардык жардам берилерин жарыялаган. Бул жолу Киев алдыңкы NASAMS зениттик-ракеталык комплекстерин, сегиз "Авенджер" зениттик-ракеталык комплексин, 59 “Брэдли” согуштук машинесин, 90 "Страйкер" бронетранспортерун, минадан коргоно алчу 53 чопкутталган техниканы, 350 жогорку мобилдүү, көп кырдуу техника жеткирүүнү убада кылды.

Жардамда HIMARS, NASAMS, HARM ракеталык системасын, артиллериялык снаряддары, танкка каршы ракеталарды, 3 миллиондон ашуун ок-дары жана башка курал-жарактын түрү берилет.

Бул Рамштайн-форматында өтүп жаткан сегизинчи жыйын. Украин президенти Владимир Зеленский Киев создаштарынан “чечкиндүү аракеттерди”, анын ичинде оор согуштук техниканы, танктарды жана заманбап абадан коргонуу системаларын күтүп жатканын айткан.

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин жыйынды ачып жатып, Украинадагы согуш «бурулуш учурда» экенин белгилеп, өнөктөштөрүн Киевге жардамды күчөтүүгө үндөдү.

Германия катуу басым алдында Украинага Leopard 2 танктарын берүүнү чечип жатканы маалым болду. 20-январда Рамштайндагы жыйын алдында Пентагондун башчысы Остин Германиянын жаңы дайындалган коргоо министри Борис Писториус менен Берлинде жолукту. Писториус журналисттерге “жакын арада бул маселе чечелерине ишенем” деп айтты.

Өткөн аптада Британия Challenger 2 танктарын Украинага бермей болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG