Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Абдиев: Кылмыштуу топтор менен кызматташкан саясатчы, ишкерлер бар


Нурбек Абдиев.
Нурбек Абдиев.

Ички иштер министрлиги Уюшкан кылмыштуу топтордун байланыштарын иликтеп жатканын парламенттин 19-январдагы сессиясында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев билдирди. Анын айтымында, саясатчы, ишкерлердин арасында кылмыштуу топтордун мүчөлөрү менен мамиле түзүп, алар менен чогуу иш алып баргандар да бар.

"Ишкерлер, саясатчылар арасында дагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары турганын билип туруп, алар менен мамиле түзүп, чогуу ишмердикти алып барган фактылар кездешет. Азыр уюшкан топтордун байланышы боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп жатабыз. Тергөө амалдары жүрүүдө. Негизи эле жарандык коом аларга терс мамиле кылып, алар менен байланышка барбай, идеологиясын жактабашыбыз керек. Аларга финансылык колдоо көрсөтүп жатат деген маалыматтар бар", - деди министрдин орун басары.

Ал кылмыштуу топ менен байланышы бар деген саясатчы, ишкерлердин ысымын атаган жок.

16-январдагы маалымат жыйында Нурбек Абдиев бул тууралуу жарыялап, жакында текшерүүлөр жүргүзүлүп, кылмыштуу топторго каржылык колдоо көрсөткөндөр Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин ("Уюшкан топторду кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") негизинде жоопко тартыларын айткан.

Анын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинде уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү каттоодо турат. 2022-жылы уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG