Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:43

"Кыргызалтындын" жетекчиси алмашты


“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси Элдияр Калдарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганын "Азаттыкка" 19-январда ырастады. Ал кайсы кызматка бара турганын айткан жок.

33 жаштагы Калдарбеков "Кыргызалтындын" бул кызматка 2022-жылдын 2-сентябрында дайындалган. Кызматка жаңы киришкенде "Азаттыкка" комментарий берип, "таза иштей" турганын айткан.

Калдарбековдун ордуна "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин мүчөсү Кубат Абдраимов бара турганы айтылууда. Ал кесиби боюнча юрист. Буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG