Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Жети жашар кыздын өлүмүнө байланыштуу кылмыш иши козголду


Иллюстрациялык сурөт.
Иллюстрациялык сурөт.

Чүйдө ооруканага оор абалда түшкөн жети жашар кыздын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Маалыматка караганда, факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 145-беренесинин негизинде ("Жардам көрсөтпөй коюу") кылмыш иши козголгон. Учурда укуктук экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

15-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристе чарчап калган. Милиция 14-январда ал оор абалда ооруканага түшкөн деген маалымат бар экени, жана ага бронхопневмония, дем алуу кемтиги, сепсис, кант диабети деген болжолдуу диагноз коюлганын билдирген.

Кыз өтө арык экени жана ата-энеси чет жакта миграцияда жүргөнү тууралуу маалымат тарап, соцтармактарда ар кандай талкуулар жүрүп жатат. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG