Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:47

Улуттук банк “Аманбанкка” киргизилген убактылуу администрация режимин узартты


“Аманбанк” коммерциялык банкынын имараттарынын бири. Архивдик сүрөт.
“Аманбанк” коммерциялык банкынын имараттарынын бири. Архивдик сүрөт.

Улуттук банк “Аманбанк” коммерциялык банкына киргизилген убактылуу администрация режимин дагы алты айга узартты. Мындай режим банкка былтыр 15-июлдан баштап, алты айга киргизилген болчу.

Банкка убактылуу администратор болуп бекиген Рустам Абдулдабеков өз милдетин аткара берет.

Өлкөнүн башкы банкы коммерциялык банкка мындай режимди киргизүүнүн жана узартуунун себептерин түшүндүргөн жок. "Аманбанктын" өкүлдөрү да буга байланыштуу комментарий бере элек.

Убактылуу администрация – банктын ишин башкаруудагы атайын режим. Мындай чара банктын активдерин, документтерин жана маалыматын сактоону камсыз кылуу максатында көзөмөл орнотуу үчүн киргизилет.

Мыйзамга ылайык убактылуу администрация банктын иши солгундап кетиши ыктымал учурда киргизилет. Анын жыйынтыгында аныкталган көйгөй жоюлса, банкка ишин улантууга уруксат берилет, же лицензиясы алынат. Болбосо банк реструктуризацияга кабылышы ыктымал.

Учурда Кыргызстанда 23 банк бар. Мындан сырткары өлкөдө тогуз микрофинансылык компания, 87 микрокредиттик компания жана 34 микрокредиттик агенттик иштейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG