Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:25

Жазуучулар союзу "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырды


Топчугүл Шайдуллаева, Байтемир Асаналиев жана Кубат Оторбаев .
Топчугүл Шайдуллаева, Байтемир Асаналиев жана Кубат Оторбаев .

Кыргызстандын Жазуучулар союзу бүгүн 16-январда "Жылдын мыкты китеби" сыйлыгын тапшырды.

Бишкекте өткөн атайын салтанатта мыкты деп табылган авторлорго диплом менен атайын статуэтка тапшырылды.

Атайын комиссиянын чечими менен 2022-жылы чыккан китептердин ичинен үч жанрда үч автордун китеби татыктуу деп табылган.

Проза жанрында Топчугүл Шайдуллаеванын "Балакана", поэзия жанрында Кубат Оторбаевдин "Гүлдөр күтөт" жана балдар адабияты боюнча Байтемир Асаналиевдин "Балдан ширин балалык" китептери мыкты аталды.

Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, профессор Сулайман Рысбаевдин маалыматы боюнча, өткөн жылы өлкөдө 400дөй ар түрдүү жанрдагы китеп чыкты. Алардын үчтөн бири адабият жаатында, калгандары мотивациялык, өмүр баянга арналган жана диний багыттагы китептер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG