Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:29

ИИМ уюшкан кылмыштуу топтор боюнча мыйзам долбоорун иштеп жатат


ИИМдин имараты.
ИИМдин имараты.

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү боюнча жаңы мыйзам долбоорун даярдап жатат. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору жакында даярдалып бүтүп, Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлөт. Анда уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнүн жоопкерчилиги күчөтүлөт, ырайым берилбейт жана бир катар өзгөрүүлөр болот.

Абдиев долбоор парламентке качан жиберилип, коомдук талкууга коюлары тууралуу толук маалымат берген жок. Ал мыйзамда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү катышкан соңку окуялар да эске алынарын кошумчалады.

Анын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат. 2022-жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган.

13-январда Ош шаарында белгисиз адамдар тобу бир кишини арматура менен аеосуз сабап кеткени тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты.

ИИМ бул окуяга уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катышканын маалымдады. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG