Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:32

Майлуу-Суунун мэри таза суу бир күн ичинде берилерин билдирди


Майлуу-Суу шаары. 15-январь, 2022-жыл.
Майлуу-Суу шаары. 15-январь, 2022-жыл.

Майлуу-Суунун мэри Нурланбек Умаров шаар бир күн ичинде таза суу менен толук камсыз болорун 16-январда "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, суу топтолгон жайдан шаарга чейинки түтүктөрдөгү муз дээрлик эритилип, ортодо бир чакырымдай жери калды.

Азыр жашоочуларга таза суу автоунаалар менен ташылып, жадыбал менен берилип жатат.

Умаров жылуулук берүү да калыбына келтирилип жатканын билдирди.

"№1 отказанга суу туруктуу келип, жылуулук кечээ (15-январь) бериле баштады. Бул отказанда 1234 абонент бар. Азыр №4 отказанды бир күндө ишке киргизүү аракетин көрүп жатабыз. Мында 300дөй абонент бар", - деди шаар мэри.

Ал шаар жашоочуларынын кайрылуусу боюнча да жооп берип, ошол күнү №1 отказанда жылуулук берүү үзгүлтүккө учурап жатканын, кийин толук калыбына келтиригенин кошумчалады.

15-январда Майлуу-Суунун бир нече жашоочусу президент Садыр Жапаровго жана атайын кызматтын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылып, жергиликтүү бийлик шаардагы жылуулук, таза суу менен камсыздоону калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик телеканалдар аркылуу туура эмес маалымат берип жатканын айтышкан.

Аба ырайы кескин төмөндөй турганы алдын ала эскертилгенине карабай, ага алдын ала даярдык көрбөгөн жетекчилерге чара көрүүнү суранышкан.

Майлуу-Сууда 12-январда катуу сууктун айынан суу түтүктөрү тоңуп, жылуулук берүү жана суу менен камсыз кылуу үзгүлтүккө учураган. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG