Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:05

Днепрде ракеталык соккудан мерт болгондор 25ке жетти


Днепр шаарындагы ракеталык соккуга кабылган көп кабаттуу турак жай
Днепр шаарындагы ракеталык соккуга кабылган көп кабаттуу турак жай

Бул туурасында 15-январда Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди. Ал чабуулдан өлгөндөрдүн жакындарына көңүл айтты. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

Талкаланган көп кабаттуу үйдүн урандысында калгандарды куткаруу иши түнү менен уланды. Соңку маалыматтар боюнча 73 киши жарадар болсо, анын 13ү балдар. Уранды алдынан 39 киши куткарылды, алардын ичинде алты бала бар. Ушул тапта дагы 43 киши дайынсыз болуп жатат.

Көп кабаттуу үйдүн 72 батири бузулган, 230 батирде жарака кеткен.

14-январда Орусиянын ракетасы Днепр шаарындагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, анын бир подъезди толук талкаланган.

Ишембиде Орусия Украинага жапырт ракеталык чабуул койгон. Ар кандай үлгүдөгү ондогон ракеталар учурулган.

Орусия тарап соңку чабуул боюнча комментарий бере элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG