Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:27

Кара-Жыгач айылындагы Балдар үйүндөгү өрттүн себеби такталууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылындагы Балдар үйүндө чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн, жабыркагандар жоктугун билдирди. Маалыматка караганда, кырсык тууралуу 13-январда кечки саат 7де кабар түшкөн.

“Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм жана ыкчам нөөмөт кызматы тартылган. Имараттан тарбиячылар жана балдар эвакуацияланган. Жабыркагандар жок. Өрт саат 20:13тө чектөөгө алынып, 23:08де толук өчүрүлдү. Натыйжада жыгач устундуу темир менен жабылган, аянты 320 чарчы метр чатыр, экинчи кабаты буюмдары менен толук күйгөн. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда”, - деп жазылган маалыматта.

Буга чейин аталган министрлик аймактарда өрт, үйдү жылытуу коопсуздугун сактоого байланыштуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүү берип жаткан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн 2022-жылдын 11 айында 2779 өрт кырсыгы каталып, анын кесепетинен 26 адам каза тапканын билдирген. Тилсиз жоо алып келген чыгым 3 миллиард сомду түзгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG