Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:59

"Елбасы" мыйзамы күчүн жоготту, Назарбаевдин кол тийбестиги калды


Нурсултан Назабаев
Нурсултан Назабаев

Казакстанда "Туңгуч президент – Елбасы" мыйзамы толугу менен күчүн жоготту.

13-январда казак парламентинин депутаттары конституциялык мыйзамды жоюуну бир добуштан колдоду. Серепчилер бул чечим Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестигине таасир этпесин, экс-президенттин жеке өзүнө берилген артыкчылыктар сакталарын белгилешет.

Акордо Назарбаевдин "караанынан" арылгысы келеби?

Мажилис депутаттары жума күнү экс-президент Нурсултан Назарбаевге жана анын үй-бүлөсүнө көптөгөн артыкчылыктарды берген конституциялык мыйзамды жокко чыгарды.

"Казакстандын демократияга жана плюрализмге карай терең саясий трансформациясында жеке топтордун бийликти ээлеп алуу аракеттерине жол бербөө маанилүү", - деди демилгечи депутаттардын бири Ерлан Саиров.

2000-жылы коңшу өлкөдө кабыл алынган мыйзамда "Назарбаев менен анын үй-бүлө мүчөлөрү кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт, камалбайт, мүлкүнө чектөө коюлбайт" деп жазылган.

Димаш Алжанов.
Димаш Алжанов.

Казакстандык саясат таануучу Димаш Алжанов эгерде Назарбаев менен анын жакындарынын аракеттери толук иликтенип, алардын байлыгынын булагы так аныкталбаса, мыйзамды жокко чыгаруу жөн гана расмий чара катары караларын белгилейт.

"Токаевдин азыркы аракеттери Назарбаевдин атын Конституциядан жана башка мыйзамдардан алып салып, саясий режимди жана өзүнүн бийлигин турукташтырып, коомчулуктун көңүлүнөн жана сынынан алыстатып жаткандай. Январь окуясынан бир жыл өткөндөн кийин алардын элге көрсөтө турган эч нерсеси калбай калгандыктан, бул коомчулукту алдоонун расмий кадамы сыяктуу карасак болот".

Cаясат таануучу эгер Акордо Назарбаевдин "караанынан" арылгысы келсе, мыйзамдык өзгөрүүлөрдү жана маалымат өнөктүгүн мурдарак башташы керек эле деген пикирде.

"Мыйзам январь окуясынан бир жылдан кийин гана жокко чыгарылды. Башкача айтканда, Назарбаев жана анын үй-бүлө мүчөлөрү активдерин чогултуп, негизги байлыгын өлкөдөн чыгарып, жашырып койгонго үлгүрдү. Азыр бул системада Назарбаевдин бар экенин ырастаган расмий белгилер гана жок кылынууда", - дейт Алжанов.

Экс-президенттин кол тийбестиги

Казакстанда экс-президенттин кол тийбестиги Конституцияда жана "Президент жөнүндө" мыйзамда жазылган. Бул мыйзамдын 36-беренесинде "мурдагы мамлекет башчы мамлекетке чыккынчылык кылган учурларды кошпогондо, президенттин ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууга байланыштуу аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт" деп жазылган.

Казакстандык юрист Акиф Сулейменов "Азаттыкка" берген комментарийинде мыйзам жокко чыгарылганы менен Нурсултан Назарбаевдин кол тийбестиги сакталып калаарын белгилейт.

"Мамлекеттик чыккынчылык боюнча кылмыш ишин козгоонун жол-жобосу татаал. Мажилистин депутаттарынын үчтөн биринен кем эмесинин демилгеси менен көтөрүлүп, кийин Сенат иликтөө уюштуруп, андан кийин гана Конституциялык сот корутундусун чыгарышы керек. Жогорку сот маанилүү жүйөлөрдү келтириши абзел".

13-январда журналисттер Казакстандын юстиция министри Азамат Eскараевге "эгер экс-президенттин кылмышы далилденсе, анын үй-бүлө мүчөлөрүнө кылмыш иши козголушу мүмкүнбү?" деген суроо узатышты.

"Президент жөнүндөгү мыйзамда экс-президенттин үй-бүлө мүчөлөрүнө андай кепилдиктер каралган эмес" деп министр так кесе жооп берди.

"Элбасы" жөнүндө мыйзам артка иштебейт"

Казакстанда 30 жылдай бийликте турган Нурсултан Назарбаевдин жакындары жана санаалаштары өлкөдөгү эң таасирдүү фигураларга айланган. Агасы, кыздары жана күйөө балдары курулуш, соода, транспорт жана банк тармагында эбегейсиз бизнеске ээ болуп, байыган. Алардын байлыгынын булактары ачык айтылбайт. Батышта Назарбаевдердин кыймылсыз мүлкүн "күмөндүү каражаттарга" сатылып алынган деген жүйө менен камакка алууга аракет кылган учурлар болгон.

Солдон оңго: Алия Назарбаева, Болат Назарбаев, Дарига Назарбаева жана Кайрат Сатыбалды.
Солдон оңго: Алия Назарбаева, Болат Назарбаев, Дарига Назарбаева жана Кайрат Сатыбалды.

Өлкөдөгү эң бай бизнесмендердин тизмесине кирген, Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу Кайрат Сатыбалды былтыр сентябрда алты жылга эркинен ажыратылган. "Кандуу январь" окуялары маалында Дубайга Бишкек аркылуу учуп кеткени ачыкка чыккан Назарбаевдин кичүү иниси Болат Назарбаевдин саламаттыгы начарлап, майыптардын арабасында отурган видеосу жарыяланган. Ал эми Назарбаевдин тун кызы Дарига Назарбаеванын мурдагы кудасы Кайрат Боранбаев мамлекеттик каражатты мыйзамсыз коротууга айыпталып камалган.

Былтыр "Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө" долбоору (OCCRP) Нурсултан Назарбаев өзүнө тиешелүү төрт кайрымдуулук фонду аркылуу сегиз миллиард долларга жакын активдерди пайдаланып жатканын ачыктаган. Экс-президент бул мүлккө түздөн-түз ээлик кылбайт. Активдерге банктар, мейманканалар, телеканалдар, соода борборлору жана 100 миллион долларлык учак алынган. Талдоочулардын айтымында, Назарбаев бул активдерди көзөмөлдөп, чечим кабыл алат.

Казакстандык саясат таануучу Газиз Абишев "Настоящее время" телеканылына берген маегинде, эми Назарбаевдин туугандары "башын көтөрбөсө" гана тынч жашарын айтат.

""Элбасы" жөнүндөгү мыйзам артка иштебейт. Андыктан мыйзам күчүн жоготкон соң Назарбаевдин туугандары жакшы жүрсө жоопкерчиликке тартылбайт. Бирок эгер алар туура эмес нерселерди жасаса, өкмөт органдары мыйзам чегинде доомат коюуга мүмкүнчүлүк пайда болот".

1991-жылы 1-декабрдагы шайлоодо Нурсултан Назарбаев добуштардын 98,7% алган. Ошондон тартып 2019-жылга чейин бийликте турду. Президенттик кызматтан кеткенден кийинки эки жылда Коопсуздук кеңешинин түбөлүк катчысы жана бийликтеги "Нур Отан" партиясынын башчысы катары саясий салмагын жоготкон жок. Бирок 2022-жылы Январь окуясынан кийин баары өзгөрдү.

Казакстанда 2022-жылдын июнь айындагы Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча референдумда ондон ашык оңдоп-түзөтүүлөр кирген. Андан тышкары, Башмыйзамдан биринчи президент тууралуу бардык жобо алынган.

12-январда Назарбаев “Ардактуу сенатор” наамынан да кол жууду.

"Азаттык" радиосунун казак кызматынын кабарчыларынын Назарбаевдин Алматыдагы резиденциясына барып, экс-президенттен комментарий алуу аракетинен майнап чыккан жок.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG