Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:31

Депутат Лейлектин макамы аныктала элек айылдары боюнча маселе көтөрдү


Жаштык айылы. Архивдик сүрөт.
Жаштык айылы. Архивдик сүрөт.

Баткен облусунун Лейлек районунда ондон ашуун айылдын макамы расмий аныктала элек болуп жатканын Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева билдирди. Бул маселени ал парламенттин 12-январдагы жыйынында көтөрдү:

“Ондон ашуун айыл Лейлек районунда айыл деген макам ала элек. Мисалы, Жаштык деген айылыбыз бар чек арада. Бүгүнкү күнгө чейин эл Жаштык айылы деп атаганы менен анын макамы жок, Борбордук деген айылдын эсебинде турат. Раззаков айылы деп айтып жүрөбүз, бирок картада ал Ленин айылы бойдон турат. Чек арадагы район болгондон кийин мунун баарын тактоо өтө маанилүү”.

Лейлек району түндүк, батыш жана түштүк тарабынан Тажикстан менен чектешет.

Кыргыз-тажик мамлекеттик тилкеси такталып бүтө элек болгондуктан ортодо түрдүү чек ара окуялары катталып келет. Соңку эки жылда куралдуу каргашаларда ондогон адамдын өмүрү кыйылып, үйлөр жана мекемелер талкаланды.

Кыргыз өкмөтү чек арадагы айрым айылдарга жеңилдик берүү үчүн тизме түзгөн. Азыр экинчи тизме такталууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG