Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:59

НАТОго мүчө айрым өлкөлөр Украинага танк жөнөтөрүн жарыялады


Польша армиясынын Leopard 2A4 танкы.
Польша армиясынын Leopard 2A4 танкы.

Польша эл аралык коалициянын алкагында Украинага Германиядан чыгарылган "Леопард-2" танктарынын бир ротасын жөнөтүүгө даяр. Бул тууралуу Польшанын президенти Анжей Дуда Львовдо Украина жана Литванын президенттери менен жолугушууда айтты. Бир ротага 10 танк кирет.

Дуданын сөзүнө караганда, Польша танктарды союздаштар менен макулдашуунун алкагында Украинага жеткирүүгө даяр. Германия өкмөтүнүн басма сөз катчысы шаршембиде Берлинге союздаштардан тиешелүү суроо-талаптар түшө электигин билдирди.

Британ өкмөтүнүн басма сөз катчысы да Лондон Украинага танктарды жеткирүүнү пландап жатканын 11-январда билдирди.

Financial Times басылмасы буга чейин өз булактарына таянып, британиялык Challenger 2 танктары Украинага жеткирилиши мүмкүн экенин жазган.

Украина көптөн бери батыш өлкөлөрүнөн орус армиясына каршы туруу үчүн танк сурап келет. Германиянын бийлиги Украинага курал-жарак жеткирүү боюнча НАТО союздаштарынын аракеттерин координациялоо зарылдыгын жана танктарды жеткирүү чечимин жалгыз кабыл алуу мүмкүн эместигин бир нече жолу билдирген.

Өткөн аптада Германия Украинага "Мардер" үлгүсүндөгү 40 брондолгон аскердик унаа жөнөтүүнү убада кылган. АКШ 50 "Брэдли" аскердик техникасын, ал эми Франция чопкутталган чалгындоо техникасын жеткирерин жарыялаган.

Шаршемби күнү Украинанын батышындагы Львов шаарында Люблин үчилтигине кирген өлкөлөр – Польша, Литва жана Украинанын лидерлери жолугушту. Украинанын президенти Владимир Зеленский кызматташтарына аскердик жардамы үчүн ыраазычылык билдирди. Зеленский ошондой эле Батыштын башка бир өлкөсүнөн танктарды жеткирүү боюнча "оң белги" күтүп жатканын айтты. Маалымат каражаттары сөз Британия тууралуу экенин жазышты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG