Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:41

Украинада Соледар үчүн салгылаш уланууда


Украиналык аскер. Соледарга жакын Бахмутта тартылган сүрөт.
Украиналык аскер. Соледарга жакын Бахмутта тартылган сүрөт.

Украинанын Донецк облусундагы Соледар шаарынын үчтөн эки бөлүгү орус күчтөрүнүн көзөмөлүндө экенин "Настоящее время" каналына украиндердин "Айдар" батальонунун ардагери Евгений Дикий билдирди. Ал бул маалыматты 10-январда Соледарда согушуп жаткан жолдошторунан алган.

Дикийдин айтымында, шаардагы ар бир имарат үчүн кармаш уланууда. Ал украин аскерлерине артка чегинүүгө буйрук берилбегенин, Киев калааны колдон чыгарбоо үчүн жан үрөп жатканын белгиледи.

Британиянын Коргоо министрлиги орус армиясы менен "вагнерчилер" - жалданма жоокерлер акыркы төрт күндө шаардын басымдуу бөлүгүн көзөмөлгө алганын маалымдады.

Москва Соледар аймагында жылыш болуп жатканын, бирок оор жоготуулар бардыгын моюнга алды.

"Тактикалык ийгиликтер биздин жоокерлердин эрдиги менен жаралды. Бул өз өмүрүн аябаган жигиттерибиз менен сыймыктанууга негиз берет", — деди Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков.

Украин армиясы Соледар шаарын орус күчтөрү көзөмөлгө алганын четке какты. Чыгыш аскер командачылыгынын басма сөз катчысы Сергей Череватый украин телеканалына берген маегинде аскерлер орус күчтөрүн фронттун линиясында кармап турганын айтты.

Согушта маалыматтарды көз карандысыз булактардан дароо тактоо мүмкүн эместигин эске салабыз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG