Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:08

Донецкиде британиялык эки ыктыярчы жоголду


Украина, Соледар.
Украина, Соледар.

Украинанын чыгышындагы Донецк облусунда британиялык эки ыктыярчы жоголду.

Акыркы ирет байланышка алар 6-январда чыккан. Бул тууралуу журналист Виктория Ивлева кабарлаганын "Радио Свобода" жазды.

Эндрю Бэгшоу менен Крис Парри салгылашуу жүрүп жаткан Бахмут менен Соледардагы элди эвакуациялоого катышып жаткан.

48 жаштагы Бэгшоу Жаңы Зеландияда жашачу, Орусия Украинага кол салгандан тарта согуштук аймакка барып, ыктыярчылык кылып жүргөн. Анын туугандары Бэгшоу азык-түлүк, дары-дармек жеткирип, улгайган адамдарды эвакуациялап жүргөнүн айтышты.

28 жаштагы Пэрри эвакуация болгон элди ташыган машинелердин ремонту, күйүүчү май жана тетиктерди жеткирүү үчүн каражат чогултуу менен алектенчү.

Британиянын Тышкы иштер министрлиги эки жарандын мындан аркы тагдырын көзөмөлгө аларын билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG