Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:27

Укук коргоочу Камил Рузиев толук акталды


Камил Рузиев.
Камил Рузиев.

Кыргызстандын Жогорку сотунун соттук коллегиясы бүгүн, 10-январда укук коргоочу Камил Рузиевди актаган чечим чыгарды. Бул маалыматты “Азаттыкка” Рузиев өзү тастыктады.

Ал башкы соттук инстанциянын чечими күтүүсүз болгонун белгилеп, жардам берген эл аралык жана жергиликтүү укук коргоо уюмдарына, Кыргызстандын акыйкатчысына, жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана аны колдогон катардагы жарандарга ыраазычылыгын билдирди.

Сот болор күнү адам укуктарын коргоо боюнча бир катар уюмдардын башын бириктирген “Теңчилик үчүн коалиция” уюму Жогорку сотко кайрылып, Рузиевди актоого жана ага укук коргоочулук ишмердүүлүгүн коопсуз чөйрөдө жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк берүүгө чакырган.

Рузиев Караколдогу "Вентус" укук коргоо уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, укутук жардам берип келгени менен белгилүү.

Укук коргоочу 2020-жылы 30-майда "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыккан. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган.

Каракол шаардык соту 2022-жылдын 12-августунда Рузиевдин "ишинде кылмыштын курамы жок" деген негизде актаган.

Шаардык соттун мындай чечимине каршы болгон прокуратура облустук сотко кайрылган. Облустук сот "Документтерди жасалмалоо" беренеси менен айыптап, ага 80 миң сом айып салган.

Рузиевдин адвокаты Ысык-Көл облустук сотунун чечимине каршы Жогорку сотко кассациялык арыз жолдогон. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG