Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

Саламаттык сактоо министрлиги кышкы каникулду узартууну сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы эс алуусун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы маселени мекемелер аралык коммиссия карап жатканын, чечим 10-январга чейин кабыл алынарын маалымдады.

8-январда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев алдыда күтүлүп жаткан сууктан улам мектептерди онлайн окууга убактылуу өткөрүп турууну билим берүү жана илим министри Улан Мамбетакуновго сунуштаган.

Кыргызстанда сасык тумоонун күчөп кеткенине байланыштуу декабрда мектептер эки жумадай онлайн окуган.

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20... -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу Өзбекстанда бардык мектептерде, жогорку окуу жайларда кышкы каникулдун мөөнөтү 17-январга чейин узартылды. Өлкөнүн Билим берүү министрлиги бала бакчалар да 10-18-январь күндөрү мөөнөтсүз тыныгууга чыгарын билдирди. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG