Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:10

Путин Рождестводо Украинада ок атпоого буйрук берди


Владимир Путин, Сергей Шойгу жана патриарх Кирилл.
Владимир Путин, Сергей Шойгу жана патриарх Кирилл.

Орусиянын президенти Владимир Путин коргоо министри Сергей Шойгуга православдардын Рождество майрамында, тагыраагы 6-январда күндүзгү саат 12ден 7-январдын түн жарымына чейин Украинада ок атпоого буйрук берди. Бул Путиндин дээрлик бир жылдан бери уланып жаткан согуштагы алгачкы ушундай тапшырмасы.

Президенттин буйругу Кремлдин сайтында жарыяланды. Анда ок атышууну токтотуу патриарх Кириллдин сунушу менен жарыяланганы айтылып, Москва Киевди ок атпоого чакырган.

Киев Путиндин буйругуна расмий жооп берген жок.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 13-декабрда Рождество майрамынын алдында Орусия Украинадан аскерлерин чыгарып кетсе туура болорун айтып, "бул кадам өлкөнүн агрессиядан баш тартууга даяр экенин көрсөтөт" деп билдирген. Кремлдин басма сөз катчысы буга жооп кылып, орусиялык аскерлер Украинадан чыгарылбай турганын айткан.

Рождество - христиан дининдеги эң чоң майрамдардын бири. Аны католиктер менен протестанттар 25-декабрда, православдар 7-январда тосушат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG