Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Бишкек-Ош жолунда жүк ташыган машинелерге коюлган чектөө алынды


Бишкек-Ош жолу, Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт.
Бишкек-Ош жолу, Төө-Ашуу. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Ош жолунун 80-чакырымындагы Сосновка бекетинде 3-январда, саат 18.30да жүк ташыган машинелерге коюлган чектөө толугу менен алынды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.



"Азыркы учурда автоунаалардын бардык түрүнө жол ачык. Суусамыр өрөөнүндө жана Төө-Ашууда күн бүркөк, бирок кар, жаан жок. Машинелер эки тарапка каттап, жолго кум, шагыл себилип жатат. Бишкек-Ош унаа жолунун 129-чакырымында 127-УРАЛ машинеси нөөмөттө турат",-деп жазылган маалыматта.

3-январда саат 13:45тер чамасында Бишкек-Ош жолунун 123-124-чакырымына (Төө-Ашуунун Бишкектен бара жаткан жагы) кар көчкү түшүп, жолду жаап калган. Көп өтпөй Транспорт жана коммуникация министрлиги адистер карды тазалап, жолдун бир тилкесин ачканын маалымдаган. Мындан улам Сосновкада аба ырайы турукташканга чейин жүк ташуучу унаалардын өтүшүнө чектөө киргизилген.

Анын алдында социалдык тармактардын айрым колдонуучулары Төө-Ашууда автоунаа тыгыны пайда болгонун жазган.

Кыргызгидромет борбору 3-5-январь күндөрү аба ырайы туруксуз болорун, айрым жерлерде кар көчкү жүрүшү мүмкүн экенин билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG