Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:15

Ашууларда жол тазалоо иштери жүрүп жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кар калың жааганына байланыштуу Кыргызстандын ашууларындагы автомобилдик жолдорду тазалоо жана сыйгалакка каршы каражаттарды себүү иши уланып жатат. Бул тууралуу 4-январда Транспорт жана коммуникация министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Ош облусунун Алай районунда Ош–Сары-Таш автожолунун 56-74-чакырымында (Чыйырчык ашуусу) жааган кардын калыңдыгы 60-70 см болду.

Кардан тазалоо иштери Бишкек–Балыкчы–Нарын–Торугарт жолунун 90-137-чакырымдарында, Бишкек–Ош жолунун 209-315, 61-115, 123-129 жана 132-209-чакырымдарында жүрүп жатат.

“Сосновка” бекетинде 3-январдан тартып оор жүк ташуучу машиналарга убактылуу чектөө киргизилди.

Торугарт, Туз-Бел, Долон, Кызыл-Бел ашууларында, Капчыгай тилкесинде кар аралаш бороон болуп, атайын техника күнү-түнү иштеп жатат.

Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Мырзаке–Кара-Кулжа–Алайку автожолуна жааган кардын калыңдыгы 50-60 сантиметрге жетти.

Жолдорду кардан тазалоо иштери Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Кубакы, Ак-Бейит ашууларында, Талас облусунун Өтмөк ашуусунда, Арал–Казарман автожолунун 243-249-чакырымдарында да уланууда.

Быйыл Кыргызстанда жаңы жылдын алгачкы түнү ага чейинки жылдардан айырмаланып республиканын бардык аймактарында кар жаады.

Синоптиктер 3-5-январь күндөрү тоолуу аймактарда кар жаай турганын, автожолдордо кооптуу абал түзүлүшү ыктымал экенин эскерткен. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG