Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:31

Пакистандагы соода жайларында кечинде иштөөгө тыюу салынды


Пакистандын Пешавар шаарындагы сатуучулар. 2-январь, 2023-жыл.
Пакистандын Пешавар шаарындагы сатуучулар. 2-январь, 2023-жыл.

Пакистандын өкмөтү бардык соода борборлорунда жана базарларда кечки саат сегиз жарымга чейин гана иштөөгө буйрук берди.

Коргоо министри 3-январда өлкө экономикалык каатчылык менен күрөшүп жатканын айтып, соода жайларында кечинде ишти токтотуу - өкмөттүн энергияны үнөмдөө чарасынын бири экенин айтты.

Маалыматтарга караганда, Эл аралык валюта корунан берилчү каражаттын келиши кечеңдеп жаткандыктан, өлкөнүн валюталык резерви электр энергиясынын бир айлык импортунун көлөмүн араң жабууда.

Расмий маалыматка ылайык, министрлер кабинети иштеп чыккан чаралар 62 миллиард рупийди (273,4 миллион доллар) үнөмдөйт.

Пакистан электр энергияны көбүрөөк Ирандан сатып алат. Исламабад Иранга каршы эл аралык санкциялар алынса, эки өлкөдөү ортолук сооданын көлөмү өсөт деп ишенет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG