Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Бразилияда футбол легендасы Пеле акыркы сапарга узатылды


2-январда бразилиялык футбол легендасы Пеле акыркы сапарга узатылды. Спорт жылдызынын зыйнаты Сантустагы "Вила Белмиро" стадионунда уюштурулду. Аны менен коштошууга миңдеген кишилер келди.

Үч жолку дүйнө чемпиону Пеле 82 жашында 29-декабрда көз жумган. Ал ноябрдан бери Сан-Паулу шаарындагы ооруканалардын биринде дарыланып жаткан эле.

Эдсон Арантис ду Насименту Пеле – футбол тарыхында дүйнө биринчилигин үч жолу (1958, 1962 жана 1970) уткан жалгыз оюнчу. Алгачкы жолу чемпион аталганда 18 жашта болчу.

1977-жылы пенсияга чыккан Пеле жалпысынан 1366 беттеште 1283 гол киргизген. Анын 757си расмий беттештеги голдор.

Футбол тарыхында эң мыкты бомбардир аталган Пеле Бразилия курама командасы үчүн 92 оюн өткөрүп, 77 гол киргизген. Ал XX кылымдын мыкты футболчусу деп таанылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG