Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:19

Украина: "Вагнердин" лагеринен качкан чет элдиктер


“Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” борборунун эшиги.
“Вагнердин жеке аскердик компаниясынын” борборунун эшиги.

Орусиянын Ички иштер министрлиги "Вагнердин" машыгуу лагеринен качкандарга издөө жарыялады. Маалыматка караганда алты жалданма аскер Орусия аннексиялаган Украинанын Луганск облусундагы машыгуу борборунан качып кеткен.

DonDay басылмасы согуштан качкандар буга чейин Орусиянын абактарында отурган кыргыз, беларус, орус жана үч өзбек жараны экенин, Ростов аймагында шектүүлөрдү көргөндөр болсо дароо милицияга билдиргиле деген кагаздар илингенин жазды.

"21-22-декабрда Луганск облусунун Краснодон районундагы "Вагнер" лагеринен Өзбекстандын үч, Орусиянын, Беларустун жана Кыргызстандын бирден жараны качты. Качкан алтоо тең аскер формачан жана куралчан. Жеке коопсуздугуңарга сак болгула".

Дагы бир жергиликтүү басылма "вагнерчилер" согушка кирердин алдында даярдыктан өтүп жатканын жазды. "Мамлекеттин алдында өз күнөөсүнөн арылабыз деген эркектер окуу борборуна бир нече күн мурун келген. Дезертирлер маңзат сактаганы үчүн соттолгон" деп айтылат.

Азырынча Орусиянын Ички иштер министрлиги издөө жарыялангандар тууралуу комментарий бере элек.

Соңку айларда Орусиянын абактарында, колонияларда жана убактылуу кармоочу жайларда отурган борбор азиялыктарды олуттуу коркунуч тооруганы тууралуу маалыматтар байма-бай чыгууда.

Согушка барууга келишим түзүүгө аргасыз болгон мигранттар абак администрациясынын, полициянын жана башка коопсуздук органдарынын катуу кысымына кабылганын туугандарына айтышкан.

"Орусиядагы чет өлкөлүк жарандардын укуктук абалы жөнүндө" Федералдык мыйзамдын 15-беренесинде "Чет элдик жарандар аскердик кызматка (альтернативдик кызматка) чакырылбайт" деп так жазылган.

Ушул эле берененин 2-бөлүгүндө чет элдиктер Орусиянын Куралдуу күчтөрүнө келишимдин негизинде гана кабыл алынышы мүмкүн экени айтылат.

Украинада Орусиянын армиясы жаз айларында оор жоготууларга учурагандан кийин "Вагнер" менчик компаниясы абактагыларды өз катарына тартып, согушка жөнөтө баштаганы ачыкка чыккан. Соттолгондорду азгыруу иштерин "Вагнердин" негиздөөчү катары таанымал Евгений Пригожин өзү баш болуп жүргүзүп жатканы тартылган видеолор жарыяланган.

1-январда Sota Телеграм-каналы Пригожиндин өлүкканада жүргөн видеосун жарыялады. Анда ондогон согушкердин оролгон сөөктөрүн автоунаага жүктөп жатышканы көрүнөт.

Пригожин тасмада "Бул жерде "Вагнер" компаниясынын согушкерлери жатат. Алар фронтто өлдү. Сөөктөрү үйлөрүнө жөнөтүлөт" дейт.

Буга чейин "вагнерчилер" Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын жетекчиси Валерий Герасимовду сындап, согушта курал-жарактын жетишсиздигинен оор жоготууларга учурап жатканын айткан эле.

27-декабрда Мамлекеттик думанын Коргонуу жана коопсуздук комитетинин мүчөсү, генерал-лейтенант Виктор Соболев НСН маалымат агенттиги менен болгон маегинде "Вагнер" аскердик компаниясы мыйзамсыз экенин эскертти:

"Пригожин жат киши эмес, бирок келгиле, анын жеке аскердик компаниясы мыйзамсыз экенин ачык жана так эле айталы. «Вагнер» компаниясына эбак өз ордун көрсөтүү керек эле, алар өздөрүнүн шартын койгудай атайын операция аймагында андай деле чоң роль ойнобойт".

АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин өкүлү Жон Кирби 50 миңдей жалданган "вагнерчилер" Украинада согушка аралашып жүргөнү ыктымал экенин, алардын 40 миңдейи абактан түз эле согушка тартылгандар болушу мүмкүн деп айткан.

Сентябрь, октябрь айларында Орусиянын абактарында отурган эркектердин саны 23 миңге кыскарганын "Медиазона" басылмасы Федералдык жаза аткаруу кызматынын статистикасына таянып жазды.

"Вагнерчилердин атасы”

“Вагнердин жеке аскердик компаниясы” качан, кайда түзүлгөнү так белгисиз. Айрым иликтөөчүлөр боолгогондой, бул компания күзөт компанияларынын түйүнүнөн пайда болгон.

Алгач "вагнерчилерди" 2014-жылы Донбасстагы кагылышууларда байкашкан. Андан кийин алар Сирияда диктатор Башар Асаддын тарабында согушка аралашкан. Ал жакта “Вагнердин жеке аскердик компаниясынын" мүчөлөрү дипломаттардын коопсуздугун камсыздап, мунай-газ компанияларын күзөтүп, жергиликтүү козголоңчуларды машыктырган.

Орусиялык жалданма аскерлер ошондой эле Ливия, Борбордук Африка Республикасында, Малиде да жүргөнү маалым болгон. Орусиянын президенти Владимир Путин жеке аскердик компания орус мыйзамдарын бузбаса, дүйнөнүн кайсы гана бурчунда болбосун иштөөгө укуктуу экенин билдирген.

24-февралда Орусия Украинага согуш ачканы ал жакка расмий аскердик бөлүктөр менен бирге "Вагнердин" жалданма аскерлери да киришкен. Алар Луганск облусундагы Северодонецк жана Мариупол шаарларын басып алууда негизги ролду ойношкон. Жайлата Евгений Пригожинге түспөлдөш адам Орусиянын түрмөлөрүн кыдырып, жазасын өтөп жаткандарды Украинадагы согушка азгырып жатканы чагылдырылган видеолор интернетте байма-бай тарап жатты.

61 жаштагы миллиардер Евгений Пригожиндин ишкердик жолу өткөн кылымдын 90-жылдарынын аягында башталган.

Ошол кезде ал Санкт-Петербургда "Конкорд кейтеринг" аттуу тамак-аш менен камсыздоочу чакан агенттик ачып, Нева дарыясында сүзүп жүрчү кеме ресторанды иштеткен.

2000-жылдардын башында Путин ал ресторанга Франциянын президенти Жак Ширакты, АКШ лидери Жорж Бушту ээрчитип барган. Анда ресторандын ээси президенттерди өзү тейлеген.

Пригожин 2008-жылы Дмитрий Медведевдин инаугурациясында, 2012-жылы Путиндин бийликке кайтуу салтанатында да конокторду өзү тоскон. "Путиндин ашпозчусу" деген ылакап ат ага ошол жылдары жармашкан.

Пригожиндин компаниялары 2010-жылдан тарта Орусиянын Коргоо министрлигинин тендерлерин утуп, армияны тамак-аш менен камсыз кылуу, аскердик бөлүктөр менен жатаканалардагы тазалык иштерин толук колго алганы ачыкка чыккан.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG