Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:54

Милиция Бишкекте кармалган дарыгерлер тууралуу маалымат берди


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин Ленин райондук милициясы дарыгерлердин кармалышы боюнча маалымат таратты. Анда былтыр 14-ноябрда саат 9:13тө шаардык милицияга Бишкектин борбордук өлүкканасынан маалымат түшүп, каза болгон баланын сөөгү келгени кабарланган. Бул факты милицияда катталып, тергөө иштери башталган.

Милиция билдиргендей, ашказаны ооруган баланы 13-ноябрда эртең менен саат жетилер чамасында Бишкектеги ооруканалардын бирине алып барышкан. Ошол эле күнү саат 12:30да бейтапты башка оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушат. Ал жерде бала өзүнө келбей, чарчап калган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 146-беренеси (“Медициналык же фармацевттик кызматкер тарабынан кесиптик милдеттерди талаптагыдай эмес аткаруу”) менен кылмыш иши козголуп, керектүү экспертизалар жүргүзүлгөн.

Анын жыйынтыгында шектүү катары 1962-жылы туулган М.Ж., 1955-жылы туулган И.Р., 1994-жылы туулган К.Б., 1990-жылы туулган Э.А., 1981-жылы туулган М.К. жана 1995-жылы туулган А.Г. кармалып, Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилген.

30-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту “кесиптик милдетин талаптагыдай эмес аткаруу” беренесине шектелип кармалган беш дарыгерди 10-январга чейин тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарган. Ал эми 68 жаштагы И.Р. аттуу дарыгердин да бөгөт чарасы каралып, үй камагы тандалган. Райондук милиция тергөө иштери уланып жатканын маалымдады.

Саламаттык сактоо министрлиги азырынча бул окуя тууралуу комментарий бере элек.

Медицина кызматкерлеринин көз карандысыз профсоюзунун жетекчиси Бермет Барыктабасова Фейсбуктагы баракчасында президентке кайрылуу жазды. Анда дарыгерлер ноябрда ооруканада каза болгон баланын өлүмү үчүн камалганын, анын "жакындары жогорку кызмат адамдары" экенин жазды. Ал дарыгерлер тобу менен камалганы алгачкы жолу болуп жатканын айтып, "медициналык кызматкерлерге басым жасалбашы керектигин" белгилеген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG