Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:47

Баткендеги айылдардын аталышын өзгөрткөн мыйзам күчүнө кирди


Баткен облусунда үч айыл аймактын жана 10 айылдын аталышын өзгөртүү боюнча мыйзам 1-январдан тартып күчүнө кирди. Ага президент 16-ноябрда кол койгон.

Баткендеги 13 айылдын аталышын өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш быйыл 20-октябрда кабыл алган. Айыл аймактардын аталышын алмаштыруу боюнча чечимдер ошол айылдардын тургундарынын чогулуштарында кабыл алынып, жергиликтүү бийликтин чечимдери менен бекемделген, андан кийин Жогорку Кеңеш бекиткен.

Президент кол койгон мыйзамга ылайык, Марказ айыл аймагы Айрыбаз, Халмион айыл аймагы Исхак-Полотхан, Маргун айыл аймагы Кең-Талаа айыл аймагы деп өзгөртүлдү.

Андан тышкары Марказ айылы Айрыбаз, Валакиш айылы Тегирмеч, Ноогардан айылы Ак-Өргө, Халмион айылы Жеңиш, Даргаз айылы Кереге-Таш, Дархум айылы Жети-Таш, Маргун айылы Мурас, Чурбек айылы Үч-Булак, Мурза-Патча айылы Ак-Босого, Коммуна айылы Сары-Дөбө айылы деп өзгөртүлдү. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG