Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:43

Украина: Киев ракета менен аткыланды


Ракета.
Ракета.

Украинанын көпчүлүк аймактарында ишембиде абадан эскертүү жарыяланды. Орусиянын аймагынан ракеталар аткыланганы кабарланды. Бул акыркы үч күндөн бери ракетадан массалык аткылоо болуп калды.

Киевде 10 жолу жардыруу болгону катталды. Мэр Виталий Кличконун маалыматында, үч райондо имараттар талкаланды. Соломенск районунда ракетанын сыныгы турак үйгө тийип, алдын ала маалымат боюнча бир киши каза болуп, үчөө жараат алды.

Октярбдын ортосунан бери орус армиясы кошуна өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасына сокку урууда. Бардык ири ГЭСтер менен ЖЭБдердин иши үзгүлтүккө учарап, айрымдары калыбына келтирилди.

Киев ал чабуулдарды согуш кылмыштары деп сыпаттаса, орус бийлиги карапайым элди атайлап бутага алганын танууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG