Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:27

RSF: 20 жылда дүйнөдө 1700 журналист кесибине байланыштуу каза болду


2003-жылдан бери дүйнө жүзүндө 1 700гө жакын журналист ишине байланыштуу каза болду. Башкача айтканда, орто эсеп менен алганда жылына 80 журналист жарык дүйнө менен коштошту.

Баш кеңсеси Парижде жайгашкан Чек арасыз кабарчылар уюму (RSF) билдиргендей, журналисттер үчүн эң кооптуу деп Ирак жана Сирия аталды. Ал эки өлкөдө 20 жылда 578 кабарчы, журналист мерт кетти. Андан кийинки сапта Мексика, Филиппин, Пакистан, Ооганстан жана Сомали турат.

Маалыматка караганда, журналисттер эң көп 2012-2013-жылдары каза тапкан. Муну аналитиктер Сириядагы согуш менен байланыштырышат.

Тилекке каршы быйыл кесибине байланыштуу 58 журналист кайтыш болду. Бул акыркы төрт жылдагы эң жогору көрсөткүч.

20 жылда Европа жана Борбор Азияда каза болгон журналисттердин жарымы Орусия менен Украинага туура келет.

Ал эми журналисттер үчүн эң кооптуу континент деп Америка, анын ичинде Мексика аталды.

RSF 20 жылда 81 журналист аял набыт болгонун белгиледи.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG