Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:01

Максим Бакиевдин жери боюнча комиссиянын материалдары жок болуп кеткени айтылды


Максим Бакиев. Архивдик сүрөт.
Максим Бакиев. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге тиешеси бар делген жер тилкеси боюнча Жогорку Кеңеште түзүлгөн комиссиянын чогулткан материалдарынын баары жок болуп кеткенин 29-декабрда депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин буга чейинки чакырылышында түзүлгөн айрым убактылуу депутаттык комиссияларды жоюу тууралуу токтом талкууланып жатканда айтты:

“Бакиевге тиешелүү 1,28 гектар жер тилкесин жана айланасындагы мурдагы тиешелүү болгон объектилерди сатуу фактыларын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия 2017-жылдын 18-январында түзүлгөн. 2020-жылы комиссиянын төрагасы Канатбек Исаев болгон. Ошол жылдын октябрь айында төңкөрүш болгондон кийин, өзүңүздөр жакшы билесиздер, материалдардын баары жок болуп кеткен”.

Сөз Бишкектин Скрябин көчөсүндө жайгашкан 1,28 гектар жер тилкесине байланыштуу болууда. Комиссияга төрагалык кылган Канатбек Исаев Бакиевдерге тиешеси бар, бирок мамлекетке өтпөй калган деген дагы 15 объект тууралуу маалымат чыгып жатканын айткан. Анда ал “Тергөө, сот, прокуратура тараптан эмне себептен булар улутташтырылбай калган деп эки чоң папке даярдалды” деген болчу.

Башкы прокуратура жердин мыйзамсыз сатылып кетиши боюнча кылмыш ишин 2017-жылдын февралында козгогон. Бул жер Мамлекеттик мүлк фондуна сактоого өткөрүлүп берилгени айтылган.

Парламенттин 29-декабрдагы токтому менен жогорудагы маселеден тышкары “Түндүк-Түштүк” жолун жана “Датка–Кемин” электр линиясын курууга бөлүнгөн акча боюнча убактылуу депутаттык комиссияларды да жоюу тууралуу токтом көпчүлүктүн добушу менен жактырылып, кабыл алынды.

Талкуу учурунда айрым депутаттар комиссияларды жойбой эле, алардын курамын жаңылап, ишин уланта берүү керек экенин, себеби баары тең резонанстуу окуялар экенин айтышкан.

Депутат Исхак Масалиев "Бакиевдин мүлкү боюнча - ал жакта иш бүтө элек сот. Канча киши үйүн ала албай жүрөт. Аягына жете элек" деди.

Депутат Шайлообек Атазов комиссиялардын иши аягына чыкпай жатканы тууралуу аларга "кол салып жаткан бюрократтар бар" деген оюн айтып, "Түндүк-Түштүк жолунун акчасы кыргыз мамлекетинин карызынын жарымын түзөт. Ушул жерде мурунку жол министрлери, мурунку премьер-министрлер бул комиссияга да тоскоолдук кылып жатат. Аягына чыгарбай жатат, себеби ошол жерге кол салышкан" деп айтты.

Комиссияларды жоюу тууралуу токтомду сунуштаган депутат Нурбек Сыдыгалиев алардын ишин улантыш үчүн материалдар өткөрүлүп берилиши керектигин белгилеп, "Бир да материал, бир да кагаз жок бизде", - деп айтты. Ошону менен катар ал азыркы чакырылышта да аталган маселелер боюнча демилге көтөрүп, жаңы комиссияларды түзсө болорун кошумчалады. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG