Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:46

Чет элдик жаранды сүзгөн айдоочу ким?


Сүрөт кырсык болгон учурда тартылган видеодон алынды.
Сүрөт кырсык болгон учурда тартылган видеодон алынды.

Бишкекте орус жаранын автоунаа менен сүзүп алгандан кийин ур-токмокко алган киши УКМКнын кызматкери эмес экенин атайын кызмат билдирди. Кырсыкка кабылган Евгений Романовдун айтымында, 28-декабрда аны сүзүп алган адам өзүн "УКМКнын кызматкеримин" деп тааныштырып, жабырлануучуга кордук көрсөткөнгө чейин жеткен.

Учурда бул иш Бишкек шаарындагы Октбярь райондук ички иштер бөлүмүндө жана милициянын кайгуул кызматтык башкармалыгында каралууда.

Евгений Романовду 28-декабрда саат төрттөр чамасында Бишкектин Ибраимов менен Кулатов көчөлөрүнүн кесилишиндеги тротуардан автоунаа сүзгөн. Алган соккусунан эмне болгонун түшүнө албай, бутунун ооруганан тура албай жерде отурганда "кимдир бирөө мени башка тепкенин сездим" дейт жабырлануучу. Евгенийдин айтымында, ал адам аны сүзгөн айдоочу болгон.

“28-декабрда досторум менен көрүшүп, болжол менен саат 15:50 чамасында борбор жактан ДСК бассейни тараптан келе жаткам. Тротуар менен жолду кесип өтүп жатканда артымдан унаа сүзгөнүн, бутум кырс эткенин сездим. Эки секунддан кийин айдоочу чыгып, мени башка тепкенин сездим. Эмнегедир ал адамда ошондой реакция болду. Албетте, мен бутум ооруп тура албай жатканымды айтып кыйкырдым. Элдер туш-тараптан чуркап келип, эмне болгонун сурап, телефонго тартып жатышты. Көрсө, айдоочу мас экен. Ал коркутуп, өзүн бир кызыктай алып жүрдү".

Айдоочунун мындай кылыгын көргөн кайдыгер эмес жарандар милиция чакырууга аракеттенишкен. Бирок жооп болгон эмес. Өзүн Алмаз деп тааныштырган бул жигит кырсык болгон учурда эмне көргөнүн айтып берди.

“Биринчи жыт, экинчи сүйлөй албайт. Кантип сүзүп кеткени дагы эсинде жок. Түшүндүргөнү "мен аффект болуп калдым" дейт. Өзү сүзүп, өзү уруп, өзү тээп, "аффект болуп калдым" дейт. Эмне айтканын, кайсыл жерде экенин такыр билбейт да. Мас да эми. Соо адамына да эптеп телефон чалдырдык. Соо адамы дагы ошол жакка алып барып, ызы-чууга катышып кеткени таң калыштуу. Мен ооруканага эле алып барат деп ойлогом” - деди окуянын күбөсү Алмаз.

Арадан аз өтпөй Евгенийди сүзгөн BMW машинесинин айдоочусу тааныш кызын чакырган. Ал 20 минутта жетип келип, рулга отурган. Сүзүп алгандар жабырлануучуга ооруканага жеткирүүнү сунуш кылган. Бирок алардын бул сунушуна макул болгонуна Евгений өкүнүп турду:

“Бул жаман идея болгон экен. Алар мени ооруканага жеткирбей эле, УКМКга алып жөнөштү. Жолдо баратканда мени уруп, муунтту. Мени качып кетпесин деп жаныма унаанын арткы отургучуна отурду. Анткени жол чырактарга туруп калганда унаадан түшкөнгө аракет кылдым. Бирок бутуман улам качып кете алган жокмун. Ал мени унаага зордоп салып, жаныма отуруп, уруп, муунтту”.

Евгенийдин сөзүнө караганда, "УКМКнын кызматкеримин" деп жол бою айтып, "мекемеге киргизип алып кыйнайбыз" деп коркуткан айдоочу аны чынында эле УКМК жайгашкан дарекке алып барган. Бирок Евгений болушунча каршылык көрсөткөн. Көчөдө өтүп бараткандар топтолуп, жабырлануучуга жардам берүүгө аракеттенишкен.

“Бир убакта чогулгандар ал адамды алаксытып, мени унаанын артына жашынгын дешти. Мен унаанын астына кирип кеттим. Ал мени байкабай калды. Андан кийин элдер такси чакырып, мени отуругузуп коюшту. Ошону менен ооруканага бардым. Ал жерден бутума гипс коюшту".

Дарыгерлердин текшерүүсүнөн кийин Евгений дароо милицияга арыз жазган. Учурда анын арызын Бишкектин Октябрь райондук милициясы териштирүүдө.

“Бул факт Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын маалыматтарды каттоо журналына катталды. Аны менен катар тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Иштин алкагында баардык тиешелүү экспертизалар дайындалды",- деди Октябрь райондук милициясынын басма сөз катчысы Айдай Ибраимова.

Ал арада Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматтык башкармалыгы Евгений Романовду сүзүп, ур-токмокко алган жарандын кечирим сураган видеосун жарыялады:

"Саламатсыздарбы, кыргызстандыктар. Мен кечээ кылган кылыгым үчүн кечирим сурайм. Кимде гана болбойт. Мен кечирим сурайм. Кечирип койгулачы, сураныч. Экинчи мындай кайталанбайт".

Ал эми жол кырсыгы боюнча иш Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматтык башкармалыгында катталды. “Тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүүдө. Ал эми ошол автоунаанын айдоочусу - 1984-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну М. А. аттуу жаран. Азыркы учурда бардык болгон окуяларды жана видеодо айтылып жаткан иштери тууралуу тергөө өзүнүн юридикалык баасын берет”, - деди Бишкек шаардык милициянын кайгуул кызматтык башкармалыгынын басма сөз катчысы Тилек Исаев.

Ошол эле учурда бул видеону тараткан мекеме айдоочунун кайда иштегени тактала электигин билдирди. Ал ортодо Улуттук коопсуздук комитети атайын кызматта мындай жаран иштебей турганын маалымдады.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG