Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:54

Салык кызматын өнүктүрүүнүн стратегиясы кабыл алынды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Мамлекеттик салык кызматынын 2023-2025-жылдарда өнүктүрүүнүн стратегиясы бекитилди. Жаңы стратегия салыктарды чогултууну жакшыртуу, көмүскө экономиканын көлөмүн азайтуу жана адилеттүү салык системасын түзүүнү көздөйт.

Бул тууралуу 29-декабрда Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Анда салыктык текшерүүнү аралыктан жүргүзүү жана салык төлөөчүлөр үчүн тейлөөнү жакшыртуу да каралган.

Стратегияда негизги жети багыт катары санариптештирүү, кардарларга болгон багытты жогорулатуу, салыктык башкарууну модернизациялоо, салык сабаттуулугун жана калктын маданиятын жогорулатуу, ички жана тышкы органдар менен өз ара аракеттенүүнү түзүү, кадрдык дараметти өнүктүрүү жана Салык кызматынын беделин колдоо тандалган.

28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынында 2022-жылы аткаруу бийлигинин ишин мониторинг кылууда тогуз мекеме мыкты деп табылганы кабарланган. Анда Мамлекеттик салык кызматынын иши "эң мыкты" деп табылган.

Кыргызстанда 2020-жылы көмүскө экономиканын үлүшү 20,8% болсо, 2021-жылы бул көрсөткүч 21% болуп калган. Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев июнь айында "Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү" мыйзамынын долбоорун сунуштап жатып "көмүскө экономиканын үлүшү 30% жеткенин" билдирген. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG