Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:36

CPJ тажик бийлигин блогер Пирмухаммадзадени бошотууга чакырды


Абдусаттар Пирмухаммадзаде
Абдусаттар Пирмухаммадзаде

Баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан Журналисттерди коргоо комитети тажикстандык блогер Абдусаттар Пирмухаммадзадеге карата чыккан сот өкүмүн сынга алып, Дүйшөмбүнү аны тезинен бошотууга чакырды. Апта башында тажик соту 44 жаштагы блогерди жети жылга эркинен ажыраткан.

Пирмухаммадзаденин жакындары "Озоди" радиосуна блогер Кылмыш-жаза кодексинин "Экстремисттик уюмдун ишин уюштурган" беренеси менен күнөөлүү деп табылганын, бирок аларга өкүмдүн көчүрмөсү берилбегенин айтышты.

“Садои Душанбе” радиосунун мурдагы кызматкери Абдусаттор Пирмухаммадзаде YouTube каналына түрдүү темадагы видеолорду чыгарып келген. 2022-жылдын 8-июлунда камакка алынган блогер өзүнө коюлган бардык айыптарды четке каккан. Ал камакка алынган алгачкы күндөн тартып эле "ырайымсыз кыйноого" кабылганын билдирген.

Соңку жарым жылда Тажикстанда кеминде жети журналист жана блогер камакка алынып, жетиден 21 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG