Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Президент иш кагаздарын кыргыз тилинде даярдабаган мекемелерди сындады


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров иш кагаздарын кыргыз тилине өткөрбөгөн министрликтерди атап, аларды уяткарды. Ал 28-декабрда Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында айтылган сөздөр кагаз бетинде гана калып, аткарылбай жатат деп сындады.

"Бардыгынын башаты сөз. 2022-жылга карата мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүгүртүү Инфодокс системасы боюнча айрым министрликтердин жана мекемелердин көрсөткүчтөрү мени канааттандырган жок. Экономика жана коммерция министрлиги - 13%, Санариптик өнүгүү министрлиги -12 %, Юстиция министрлиги - 13%, Энергетика министрлиги -17% менен келатасыздар. Бул көрсөткүчтөр 50% кем болбошу керек. Уят да, кыргыз болуп туруп иш кагаздарын кыргызча алып барбай, жалаң орус тилинде алып барган туура эмес го дейм", - деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны президенттин төрагалыгы астында өтүп жатат. Анда 2022-жылы аткарылган иштер боюнча өкмөттүн отчету угулуп, 2023-жылга иш планы каралат.

Буга чейин деле бардык иш кагаздарын кыргызчага которуу, расмий жазышууну жалаң кыргызча кылалы деген демилгелер болуп, бирок ишке ашкан эмес. Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев ноябрда Элдик курултайда улуттук тил маселесин козгоп, өлкөдөгү айрым аймактардын аталышын тез арада кыргызчалатуу зарылдыгын айткан. Төрага мунун алдында мыйзам долбоорлорунун бардыгынын түп нускасы мамлекеттик тилде даярдалышы керек деген демилге көтөргөн.

1989-жылдын 23-сентябрында Кыргызстанда мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзам кабыл алынган. Кыргыз тили - мамлекеттик, ал эми орус тили - расмий деген макамга ээ.

Азыр мекеме-ишканалардагы кагаз иштери негизинен орус тилинде даярдалып, жыйындар дээрлик орусча өтүп келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG