Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:13

Кыргызстанда балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги балага сүйүнчү пул берүү убактылуу токтотулганын 27-декабрда билдирди.

Буга "балага сүйүнчү" борборлоштурулган базасынын жаңыланып жатышы себеп болгон. Төлөмдөр система жаңылангандан кийин, жаңы жылдан тарта бериле баштай турганы кабарланды. Ал эми арыздарды кабыл алуу кадимкидей тартипте улана берет.

Буга чейин 24.kg басылмасы окурмандарынын бири балага сүйүнчү пул которулбай жатканын, калкты тейлөө борбору муну каражаттын жоктугу менен түшүндүргөнүн жазган.

Кыргызстанда 2018-жылдын 1-январынан тартып балага 4000 сом сүйүнчү чегериле баштаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG