Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:12

Украинанын Бахмут жана Авдеевка шаарларына кайрадан чабуул жасалды


Украинанын Бахмут жана Авдеевка шаарларына орус күчтөрү кайрадан чабуул койду. Бул ирет сокку артиллериялык аткылоо менен коштолгонун Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 27-декабрдагы таңкы брифингинде президент Владимир Зеленский айтты.

Маалыматка караганда, орус аскерлери акыркы суткада калктуу конуштарга жана украин күчтөрү тарапка 44 жолу ракеталык чабуул жасады. Анын ичинде Орусиянын Донецкидеги чабуулунун чордону болгон Бахмут жана Авдеевканын тегерегиндеги 25 кыштак бар.

Луганск менен Харьков аймактары да тынымсыз бутага алынууда. Херсондо Днепр дарыясынын оң жээгиндеги калктуу аймактарга сокку урулуп жатат.

Украин аскерлери жооп иретинде Запорожьеге жакын жердеги орус турумдарына чабуул койду.

Британиянын Чалгын кызматы Орусия эки күндөн бери Донецк менен Луганск облустарына коюп жаткан чабуулу ийгиликсиз болгонун маалымдады. Москва бул жаатта комментарий берген жок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG