Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Окуу жайларга кышкы кабыл алуу башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 26-декабрда жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун 1-туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"Биринчи турга каттоо башталгандан бери 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде, Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды", - деп айтылат маалыматта.

Кабыл алуунун биринчи туру 28-декабрда саат 14:00дө аяктайт. Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси 29-декабрда саат 9:00гө чейин чыгарылат. Абитуриент өзүнүн окууга болгон каалоосун 31-декабрга чейин тастыкташы зарыл.

Кийинки турлардын мөөнөтү:

  • Экинчи тур - 9-11-январь;
  • Үчүнчү тур - 16-18-январь;
  • Төртүнчү тур - 23-25-январда болот.

Кыргызстанда быйыл алгачкы жолу кышында жалпы республикалык тестирлөө өттү. Тестирлөө 24-30-ноябрь күндөрү уюштурулган.

Кыргызстанда 70тей жогорку окуу жайында 200 миңден ашуун студент билим алат, алардын 70 миңдейи башка мамлекеттердин жараны.

Адатта жалпы республикалык тестирлөө жайында уюштурулуп келет. Быйыл анын негизги этабы 24-28-май күндөрү өткөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG