Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:32

Париждеги башаламандыкта 11 киши кармалды


Парижедеги башаламандык, 24-декабрь, 2022
Парижедеги башаламандык, 24-декабрь, 2022

Франциянын борбору Парижде күрддөрдү эскерүү демонстрациясынан кийин тополоң чыгып, кеминде 11 киши кармалды. Башаламандык маалында 31 полиция жана бир демонстрант жеңил жараат алышканын Le Monde гезити жазды.

Республика аянтында каза болгондорду эскерүү иш-чарасы башталгандан бир сааттан кийин акциянын катышуучулары полиция кызматкерлерине ар кандай буюмдарды ыргыта башташкан. Полиция аларга жооп катары көздөн жаш агызуучу газ колдонушкан. Эки тараптуу кагылышуу эки сааттай улангандан кийин демонстранттар тарап кетишкен.

Бир машина күйүп, дүкөндөр зыянга учурады.

23-декабрда Париждеги күрд коомдук борборунун жанындагы атышууда үч киши каза болгон, бир нечеси жараат алган. Шектүү окуя болгон жерден колго түшкөн. Ал 69 жашта экени, мурда мигранттардын лагерине кол салганы үчүн камалганы аныкталды. Кол салуу расалык маанайда болгону айтылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG