Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:59

Садыр Жапаров Ак-Сай жана Капчыгай айылындагы курулуш иштерин көрдү


Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын ордуна курулган үйлөр. Баткен, 2022, декабрь. Сүрөт президенттик администрацияныкы.
Чек ара жаңжалында талкаланган турак жайлардын ордуна курулган үйлөр. Баткен, 2022, декабрь. Сүрөт президенттик администрацияныкы.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-декабрда Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барып, чек ара жаңжалында талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүү, курулуш иштери менен таанышты.

Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, президент учурда Ак-Сай айылында 51 турак жайда курулуш иштери жүрүп жатканы тууралуу маалымат алды.

"Ак-Сайда бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөө иштери бүткөрүлүп, 17 үйдүн дубалы, беш үйдүн чатырын жабуу аяктады. 14 үйдө дубалдарын, ички ремонтун бүткөрүү иштери жүрүп жатат, Капчыгайда бардык үйлөрдүн пайдубалын түптөлдү. 17 үйдүн дубалы тургузулуп, 26 үйдүн плиталары орнотулууда, 31 үйдүн чатырын жабуу иштери аяктаган", - деп айтылат маалыматта.

Жапаров каргашалуу окуянын кесепетинен улам уулунан ажыраган жергиликтүү тургундардын биринин жаңы курулуп жаткан үйүнө кирип, маркумдун жакындарына көңүл айтып, куран окуду.

Мамлекет башчысыга чек ара жаңжалында Капчыгай айылында үйлөрдүн дээрлик баары талкаланганы, бүгүнкү күндө 75 үйдө курулуш иштери жүрүп жаткандыгы тууралуу маалымат берилди. Президенттин сапары учурунда курулуш иштери үчүн керектүү материалдар жетиштүү экени жана турак жайларды тез арада пайдаланууга берүү үчүн бардык күч-аракеттер жумшалып жатканы белгиленди.

"Бүткөндөн кийин бардык объектилер тийиштүү инфраструктура менен камсыздалат, анын ичинде таза суу, көчөлөрдү жарыктандыруу жана жолдорго асфальт төшөлөт", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Ушул эле күнү мамелкет башчы аталган эки айлдын тургундары менен жолугушуп, алардын чек ара коопсуздуганан тыртып таза суу, инфратүзүм, миграция маселеси боюнча суроолоруна жооп берди.

Президент Баткен районундагы майор Б. Райымбеков атындагы "Капчыгай" чек ара тозотунда болуп, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары менен таанышты.

Садыр Жапаров Баткендеги сапары 25-декабрда дагы уланат.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасынын узундугу 972 чакырым. Анын 682 километри такталып, талаштуу делген 290 чакырымы калды.

Эки өлкө ортосунда чек аранын айынан утур-утур жаңжал чыгып келет. Быйыл 14-17-сентябрдагы жаңжал эң масштабдуу болуп, ондогон адамдын өмүрүн алган. Эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган куралдуу кагылышта Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. 700гө чукул үй-жай талкаланып, анын жарымынан көбү жараксыз абалда калган.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG