Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:23

Токмокто эки өспүрүмдү зордуктоого шектүү киши кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Токмок шаарында 80 жаштагы киши эже-сиңди өспүрүмдөрдү зордуктоого шек саналууда. Алардын бири сегиз айлык кош бойлуу экени кабарланды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 19-декабрда балдар иштери боюнча инспектор 12 жаштагы кыз кош бойлуу экенин облустук милициянын жетекчисине билдирген.

1942-жылы туулган Д.В. аттуу тургундун үстүнөн милицияга арыз 20-декабрда түшкөн. Арызда шектүү 12 жана 14 жаштагы кыздарды алдап үйүнө алып кирип, зордуктаганы белгиленген. Милиция Кылмыш кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Милициянын маалыматына караганда, быйыл жаздан бери эки өспүрүм шектүүнүн үй-жайын жыйноого жардам берип жүргөн.

Жашы жете электерди зордуктоо фактысы буга чейин да катталган. 5-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Кылмышка шек саналып жалпысынан төрт киши кармалган. Кармалгандардын экөө 4-декабрга караган түнү Ош шаарындагы №5 тергөө абагында каза тапкан.

Президент Садыр Жапаров бул иш анын жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айткан.

Башкы прокуратура күнөөлүүлөр өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскерткен.

Ички иштер министрлиги буга чейин быйыл жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 кылмыш иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG