Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:53

Электр тарифиндеги өзгөрүүлөр боюнча маалымат берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаменти Кыргызстанда электр энергиясынын өнөр жай тарифи жогорулай турганы жөнүндө тарап жаткан маалыматты четке какты. Мекеме 23-декабрда “Азаттык” радиосуна билдиргендей, сөз бюджеттик керектөөчүлөр жөнүндө жана өкмөттүн токтомуна киргизилип жаткан редакциялык мүнөздөгү өзгөртүү тууралуу гана болуп жатат.

Маалыматта айтылгандай, бюджеттик керектөөчүлөр буга чейин 1 кВт/саат үчүн 3,40 сом төлөп келген болсо, өкмөттүн 25-ноябрдагы токтомунан кийин деле 3,40 сом төлөйт.

Буга чейин 2,52 сомдук тарифке жогорулатуучу 1,35 коэффициент кошулуп 3,40 сом деп эсептелчү. Эми өкмөттүн токтому менен бул коэффициент “эсептөөнү жөнөкөйлөтүү максатында” алынып, бирок тарифтин жалпы көлөмү ошол бойдон калды.

Буга чейин айрым маалымат каражаттарында 25-ноябрдагы токтом менен 28-декабрдан тартып Кыргызстанда тиричилик эмес керектөөчүлөр үчүн 2,51 сомдук тариф 3,40 сомго жогорулап жатканы тууралуу маалымат тараган.

Кыргызстанда калк үчүн электр энергиясынын наркы 700 кВт/саатка чейин 0,77 сом, андан ашса 2,16 сом деп аныкталган. Ишкана, мекеме, уюмдар үчүн өзүнчө тариф каралган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG