Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:38

Ташкентте Токаев менен Мирзиёев чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту


Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 22-декабрь, 2022-жыл
Касым-Жомарт Токаев менен Шавкат Мирзиёев. Ташкент. 22-декабрь, 2022-жыл

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Ташкентке мамлекеттик сапар менен барган кезинде өзбек лидери Шавкат Мирзиёев менен орток чек араны демаркациялоо келишимине кол коюшту.

Эки өлкөнүн чек арасы 2 миң 300 чакырымдан ашат. Чек араны тактоо 2003-жылы башталган.

Анын алдында чек арадагы Багыс айылы менен Арнасай суу сактагычы Казакстанга берилген. Ал эми казактар жашаган Түркстан айылы жана Кызыл-Ордо облусундагы үч калктуу конуш Өзбекстанга өткөн.

Буга чейин эки өлкөнүн чек арасын аныктоодо көптөгөн талаш-тартыш болгон.

Казак лидеринин кеңсеси билдиргендей, эки коңшу саясий, соода-экономикалык, энергетика, транспорт-логистика, айыл чарба жана башка тармактарда алаканы кеңейтүүнү талкуулап, 15тен ашык келишимге кол коюлду.

Мирзиёев эки элдин биримдигин баса белгилеп, "тагдырыбыз жана келечегибиз бир экенине ишенем” деп айтты.

Быйыл Казакстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 5 миллиард долларга жетти. Талдоочулар Токаевдин Ташкентке сапарынан кийин бул сумма 8 миллиард долларга чейин көтөрүлөрүн божомолдошууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG