Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:51

Хатлондун 60 жаштагы тургуну террордук топко жалданганы үчүн 12 жылга кесилди


Хатлон облусунун сот имараты
Хатлон облусунун сот имараты

Тажикстандын Хатлон облусунун соту 60 жаштагы жергиликтүү тургунду согушкер топко жалдануу беренеси менен 12 жылга кести. Сафар Каримовго ноябрда чыккан өкүм тууралуу кошуна өлкөнүн Башкы прокуратурасы 20-декабрда билдирди.

Маалыматка караганда, Орусияда эмгек миграциясында жүргөн Каримов «Ислам мамлекети» радикал тобунун идеяларына сугарылган, Сирия жана Ирактагы согушка башка мигранттар менен орус жарандарын жалдай баштаган.

Мекенинде ага кылмыш иш козголуп, эл аралык издөө жарыяланган.

Каримов 2017-жылы Орусиянын Самара облусунда кармалып, бир нече ай тергөө абагында отурган жеринен да орусиялык төрт жаранды Сирияга жалдоого үлгүргөн деп айтылат тажик Башкы прокуратурасынын маалыматында. Ошол жылдын аягында аны Тажикстанга жеткиришкен.

Тажик бийлигинин маалыматына ылайык, 2013-2015-жылдары миңдей жаран «Ислам мамлекети» террордук тобуна кошулуу үчүн өлкөдөн кеткен. Бир нечеси Сирия менен Ирактагы согушта каза тапкан.

Кайтып келгендердин айрымдары мунапыска илинген же абакка кесилген. Сөз болгон эки өлкөдөн 220 аял жана балдар кайтарылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG