Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:37

Өзбекстан: Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жазда өтүшү мүмкүн


Нукус шаары
Нукус шаары

Өзбекстанда Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча элдик референдумду эмки жылдын жазында, Ноорузга жакын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу «Озодлик» радиосуна эки булак кабарлады. Маалыматка караганда, ушу тапта өкмөт дипломатиялык каналдар аркылуу өнөктүккө абройлуу конокторду чакыруунун үстүндө иштеп жатат. Бирок БШКнын өкүлү азырынча так маалымат жоктугун билдирди.

Мыйзамга ылайык референдум өткөрүү демилгесин Өзбекстан жарандары, парламент жана президент көтөрө алат.

Байкоочулар Мирзиёев 20-декабрдагы кайрылуусунда добуш берүүнүн датасын айта турганы күтүлгөн, бирок андай болгон жок. Президент Конституцияны жакшыртуу иши уланып жатканын билдирди.

Өзгөртүүлөрдү киргизүү долбоору быйыл 26-июнда коомдук талкууга чыккан. 100дөн ашык түзөтүүнүн арасында Каракалпакстандын суверендүүлүгү тууралуу беренени алуу сунуш кылынган. 1-2-июль күндөрү жумурияттын борбору Нукуста жергиликтүү тургундар ага каршы чыгып, башаламандык тутанган жана кан төгүлгөн.

Алымча-кошумчалар кабыл алынса, президент Шавкат Мирзиёевдин кызматтагы мөөнөтү саналбай, ал эмки шайлоодо ат салыша алат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG