Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:32

Орусия: IT адистердин 10% өлкөдөн чыгып кетип, кайра кайткан эмес


Орусиянын санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникация министри Максут Шадаев
Орусиянын санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникация министри Максут Шадаев

2022-жылдын башынан бери Орусиядагы IT адистердин 10% өлкөсүнөн чыгып кетип, кайтып барган эмес. Орусиянын санариптик өнүктүрүү, байланыш жана массалык коммуникация министри Максут Шадаев билдиргендей, бул көрсөткүч 100 миң кызматкерди түзөт.

"Көбү кайткан жок. Саны боюнча алганда 100 миң адис азыр башка өлкөдө. Алардын 80% бизге дос өлкөлөрдө жашап, орусиялык компанияларда иштеп жатышат", - деди министр.

Шадаев Орусия "маалыматтык технологиялар жаатында ишкердик кылууга ыңгайлуу өлкөлөрдүн бири" бойдон калып жатканын билдирди.

Буга чейин Орусиянын ички иштер министринин орун басары Юрий Зубов өлкөдө 170 миң IT адиси жетишсиз болуп жатканын айткан. Буга Украинага кол салганы үчүн Орусияга бир катар өлкөлөр санкция салгандан кийин орусиялыктардын өлкөдөн жапырт чыгып кетиши себеп болгону белгиленген.

Зубов Орусияга чет өлкөлүк IT адистери келип иштей тургандай ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырган.

Орусияда мобилизация башталгандан кийин Санарип өнүктүрүү министрлиги IT жана байланыш тармагындагы адистер Украинага согушка тартылбай турганын билдирген. Бирок кийин орусиялык Райффайзенбанктын кызматкери Тимур Измайлов мобилизациядан бошотулганына карабай, согушка тартылып каза болгону ачыкка чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG