Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:27

Төлөнов өкмөттү Салык кодексин кабыл алууга шашпоого чакырды


Салык кодекси (иллюстрациялык сүрөт)
Салык кодекси (иллюстрациялык сүрөт)

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин төрагасы, депутат Данияр Төлөнов Салык кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү кабыл алууга шашпоо керектигин билдирди.

Ал 20-декабрда “Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү” мыйзам долбоору боюнча парламенттик угууда айтылган сунуштарды талдап чыгуу үчүн жумушчу топ түзүүнү сунуштады.

"Иштеп келаткан Салык кодекси 6-чакырылышта шашылыш өтүп калган. Ошонун кемчиликтери, кесепети биздин ишкерлерге тийди. Аны сиздер 2-3 жылдан бери айтып келе жатасыздар. Ошондуктан муну кабыл алууга шашпайлы деп өкмөттөн суранат элек. Бүгүн жакшы талкуу болду, дагы талкуулашыбыз керек. Ишкерлер өздөрү жумушчу топко кирели деп суранып жатышат. Азыркы редакцияда аны өткөрүү кыйын болот. Көп сунуштарды, терс пикирлерди депутаттар беришти", - деди Төлөнов.

Парламенттик угууда экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев мыйзам долбоору ишкердик субъектилери үчүн жагымдуу климатты түзүүгө багытталганын жана көмүскө экономиканы кыскартуу максатында сунушталып жатканын белгиледи.

Кыргызстанда талаш-тартыштарга карабай, 449 беренеден турган жаңы Салык кодекси быйыл жыл башында ишке кирген. Салык кодексинин максаты - системанын туруктуулугун камсыздоо, санариптештирүү, ишкерлерге бирдей шарт түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу экени айтылган.

Жаңы кодекске ылайык, салык эки режимде жыйналат. Биринчиси - жалпы салык режими. Анын ичинде пайдага салык, сатуу салыгы, кошумча нарк салыгы бар. Бул режим менен товар жүгүртүүсү 30 млн. сомдон ашкан бизнес салык төлөйт.

Экинчиси - бирдиктүү салык режими. Бул режим менен түшкөн акчанын көлөмү жыл ичинде 30 млн. сомдон ашпаган чакан жана орто бизнес салык төлөйт. Мындан сырткары, электрондук алып-сатууга 2% салык салуу каралган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG