Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:08

Өзбек-тажик чек арасында COVID-19га байланыштуу текшерүү кайра башталды


Дүйшөмбү. Иллюстрациялык сүрөт
Дүйшөмбү. Иллюстрациялык сүрөт

Өзбекстан бийлиги COVID-19га чалдыккандар көбөйгөнүн маалымдагандан кийин Тажикстандын Согд облусунда эпидемияга каршы чаралар күчөтүлдү. 19-декабарда Өзбекстанда коронавирустун 122 жаңы учуру катталган.

Чек арадан өткөндөрдүн дене табын текшеришүүдө, алардан коронавируска каршы эмделген деген документ талап кылынат же тест тапшыруу зарыл экенинбилдирди облустун саламаттык сактоо башкармалыгы.

Маалыматка караганда, 25-ноябрдан бери тажик-өзбек чек арасында ооруну жугузуп алгандар аныктала элек.

Буга чейин Тажикстандын Саламаттык сактоо министрлиги сасык тумоого байланыштуу эпидемиологиялык чараларды күчөткөн. Дарыгерлер акыркы учурда дем алуу органдарынын илдеттери көбөйгөнүн айтышат.

Министрлик ошондой эле быйыл марттан бери коронавируска байланышкан өлүм катталбаганын билдирди. Расмий маалыматка караганда, кошуна өлкөдө коронавируска 17 жарым миңге чукул киши чалдыккан. Пандемияда 124 бейтаптын көз жумганы расмий айтылганы менен адистер менен жергиликтүү тургундар бул сан мындан жогору деп эсептешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG