Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

Абакта ачкачылык жарыялагандардын жакындары бийлик өкүлдөрү менен жолукту


Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары
Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын жакындары президенттик администрациянын өкүлдөрү менен жолугушту. Бул тууралуу камактагы укук коргоочу Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай "Азаттыкка" билдирди.

"Биз президент Садыр Жапаровдун өзү менен жолугушууну жана Кемпир-Абад иши боюнча камалгандарды тергөө иши аяктаганга чейин үй камагына чыгарууну талап кылдык. Биз менен сүйлөшкөн эки адис катыбызды президентке эртерээк жеткирип, жардам берүүгө убада берди. Бирок дайымкыдай эле "соттун ишине кийлигише албайбыз, мыйзам чегинде каралышы керек" деген жооптор айтылды", - деди Мамырбай.

20-декабрда Бишкектин Панфилов сейил багында Кемпир-Абад иши боюнча камалган саясатчы, активисттердин 20дай жакындары акцияга чыгышкан. Алар камалган жакындарын үй камагына чыгарууну талап кылышкан.

Кыйноолорду алдын алуу борборунун билдиришинче, Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакта отурган 20дан ашык кишинин 17си ачкачылык кармап жатат. Айрымдарынын наар албай жатканына бир апта болду. Акыйкатчы баштаган айрым укук коргоочулар алардын арасынан Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгына байланыштуу тынчсыздануу билдиришкен.

Жаза аткаруу кызматы ачкачылык кармагандардын баары дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын, саламаттыгы туруктуу экенин кабарлаган.

Президент 17-декабрда "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандардын "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп эсептерин айткан.

Садыр Жапаров жапырт камалгандардын ишине тиешеси жоктугун белгилеп, ички жана тышкы коопсуздукка күч органдары жооп берерин айткан.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 12-13-декабрда “Массалык башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деп шек саналып жаткан 20дан ашык саясатчы, блогер, активисттердин камактагы мөөнөтүн дагы эки айга узарткан.

23-28-октябрь аралыгында Кемпир-Абад суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилишине каршы чыккандар жапырт кармалган.

Ички иштер министрлиги мунун себебин “Кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга даярдык көргөн" деген негизде түшүндүргөн. Кылмыш ишин козгоого алардын 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далил жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. Бир катар эл аралык уюмдар жана элчиликтер кыргыз бийлигин камалгандарды бошотууга, сөз эркиндигине кысымды токтотууга чакырууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG