Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:59

Казакстан БУУда Орусияны айыптаган резолюцияга каршы добуш берди


Орусиянын Украинадагы аракетин айыптаган БУУнун резолюциясын уюмга мүчө 82 мамлекет колдоп, 80и калыс калды, 14ү каршы болду.

Орусия аннексиялаган Крымда адам укуктарынын бузулушу жаатындагы резолюция БУУнун Башкы ассамблеясында 15-декабрда каралып, көпчүлүк добуш менен кабыл алынды.

Резолюциянын текстинде Орусияга Украинага каршы агрессиясын токтотуу жана Украинанын аймагынан куралдуу күчтөрүн чыгарып кетүү талабы камтылган.

Ага каршы добуш бергендердин арасында Орусия, Беларус, Кытай, Иран, Түндүк Корея, Казакстан жана башка мамлекеттер бар. Борбор Азиядан Кыргызстан жана Тажикстан калыс калган. Өзбекстан жана Түркмөнстан добуш берүүгө катышкан эмес.

Буга чейин Орусиянын Украинага басып киришине байланыштуу документтерге добуш берүүдө Казакстан калыс мамлекеттердин катарында болгон.

Москванын эң жакын өнөктөштөрүнүн бири болгон Казакстан орус аскерлеринин Украина аймагына аскерий киришин айыптай элек. Бирок Астана буга чейин Украинанын аймактык бүтүндүгүн колдой турганын билдирген жана украин элине гуманитардык жардам да жөнөткөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG