Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

ЖК комитети Бишкектеги имаратты Орусиянын Чек ара кызматына 49 жылга берүү келишимин колдоду


Бишкек.
Бишкек.

Жогорку Кеңештин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитети эки тараптуу келишимдин негизинде Бишкектеги эки имаратты Орусиянын Федералдык чек ара кызматына 49 жылга берүүгө макул болду. Бул маалыматты мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Мирлан Бакиров "Азаттыкка" ырастады.

"Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда 2000-жылда түзүлгөн келишимге ылайык кыргыз тарап чек ара кызматкерлерин жашоочу жана кызмат өтөөчү имарат менен камсыз кылуу милдетин алган. Ал үчүн Новопокровкадан имараттар сунушталган, бирок орус тарап Бишкек шаарындагы имаратты жеке тараптардан ижарага алып келген. Орус тарап ал имараттарды сатып алуу сунушу менен чыкты. Имаратты, кыймылсыз мүлктү сатып алуу боюнча мыйзамдык тоскоолдуктар жок. Имаратка чектеш жайгашкан жер тилкесин Кыргызстан 49 жылга ижарага берет", - деди Бакиров.

Орусияга бериле турган имараттын жалпы аянты 2 миң чарчы метрден ашуун. Ал Бишкектин Жибек Жолу жана Күрөңкеев көчөлөрүндө жайгашкан. Орусия бул имаратты сатып алса, ал бул өлкөнүн менчигине өтөт.

Кыргызстанда Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын ыкчам чек ара тобунун өкүлчүлүгү иштейт.

Быйыл жайында Ош шаарындагы жол кырсыгында каза болгон үч адам Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери экенин жазышкан. Орусиянын Кыргызстандагы элчилиги жана Оштогу Башкы консулдугу бул боюнча расмий маалымат берген эмес. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG