Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:49

Орус аскерлери дрондор менен Киев шаарына дагы чабуул жасады


Октябрь айынын ортосунан бери орус куралдуу күчтөрү украин энергетика тармагына чабуул коюп келе жатат.
Октябрь айынын ортосунан бери орус куралдуу күчтөрү украин энергетика тармагына чабуул коюп келе жатат.

Орусиянын аскерлери дүйшөмбүгө караган түнү Украинанын борбору Киев шаарына учкучсуз аппараттар менен дагы чабуул жасады. Шаар мэри Виталий Кличко Соломенск жана Шевченко райондорунда жардыруу болгонун билдирди.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко 19-декабрда жалпысынан Орусия 20дан ашык Ирандын "Шахед" дрондору чабуул жасаганын, анын 15ке жакыны атып түшүрүлгөнүн кабарлады. Маалыматтарга караганда чабуулдун айынан эки адам жараат алып, айрым маанилүү инфраструктуралык объекттер жабыркады.

16-декабрда орус куралдуу күчтөрү Киевди көздөй 40 жолу ракета менен чабуул койгон. Алардын 37син украин аскерлери атып түшүргөнүн украин медиасы маалымдады. Чабуулдан кийин борбор калаада электр энергиясы өчүрүлүп, суу жана жылуулук менен камсыздоо татаал болуп калган.

Бул күнү Орусия Украинанын электр жана суу түзүмдөрүнө 98 жолу ракета менен чабуул жасаган жана бул 24-февралда кол салуу башталгандан берки эң ири чабуул болуп калган.

Украин президенти Владимир Зеленский ишембидеги кечки телекайрылуусунда Орусиянын чабуулунун кийин энергетика тармагы калыбына келтирилгенин айткан.

Октябрь айынын ортосунан бери орус куралдуу күчтөрү украин энергетика тармагына чабуул коюп келе жатат. Натыйжада бардык ири ГЭС жана ЖЭСтер (жылуулук электр станциялары) жабыркаган.

Орусиянын президенти Владимир Путин 7-декабрда укук коргоо кеңешинин мүчөлөрү менен онлайн жолугушуудагы сөзүндө орус армиясы Украинанын эң маанилүү инфратүзүмү - электрстанцияларына чабуул жасалып жатканын айтып, муну легитимдүү бута деп билдирген. Кийинки күнү Кремлде "Алтын жылдыз" сыйлыгын тапшыруу аземинде бул аракетин украин аскерлерине жооп деп сыпаттаган.

Украина өзүнүн энергетика тармагына жасалган чабуулду аскер кылмышы деп эсептейт. АКШ Сенатынын эл аралык мамилелер комитети Орусиянын Украинага каршы аракетин геноцид деп тааныган резолюция кабыл алган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG